VIP- кардарлар үчүн жеке авиация түзүлгөн. Бул рыноктун уникалдуу сегменти,  элит-класс,  ыңгайлуулука жана өтө сонундука гана көнбөстөн жана ошондой эле максатка бат жетүүгө,  өзгөрбөс ийгиликтүү натыйжага жана дайыма жакшырып турууга дагы көнгөн. Жеке учуу күнүмдүк эле муктаждык болуп калат, себеби,  мындай саякатчылар оюндун шартын тандашаарын, а дүйнө алардын каалоосуна жараша ылайыкташаарын билишет.

AVIAV TM (Cofrance SARL) эл аралык авиация борбору VIP- кардарлар менен 2007 – жылдан бери иштеп келе жатат. Биз сиздин негизги прицибиңизди жакшы билебиз: 100% эркиндик жана көз карандысыздык.  Биз менен кызматташууда сиз, сунуш кылгандарды тандабастан, сиз жөн гана өзүңүздүн каалооңузду билдирип коюңуз,  калганын бардыгын өзүбүз орундатабыз.

Учакты тез арада заказ кылуу

Сообщите:  Жеке рейс керекпи?  Бул ишти AVIAV TMге тапшырыңыз жана төмөнкүлөрдү кабарлаңыз:

  • маршрутун
  • адамдардын санын,
  • жөнөөнүн датасын жана убактысын,
  • кайра кайтуунун датасын жана убактысын,
  • учактын үлгүсүн,
  • салондун өңүн
  • боттогу ыңгайлуулук,
  • багаждын өзгөчөлүгүн жана болжолдуу салмагын.

Сиз билдирүүңүздү жана каало-тилектериңизди биздин сайтка калтырып коюңуз же биздин менеджер менен байланышыңыз.  “Контакты” бөлүмүнөн өзүңүздүн өлкөңүздүн түз номерин табыңыз жана биздин компаниянын өкүлү менен байланышыңыз.

Жашоонун бардык учуруна ылайыктуу джеттер

Биз сиздин максаттарыңыз үчүн, жеке учактарды сунуштайбыз. Кардардын каалоосуна жараша, учуунун тематикасына ылайык салонду кооздойбуз:

  • иш рейси,
  • кызматчылардын командировкасы,
  • бизнес-кеңешме,
  • үйлөнүү-үлпөт тоюу,
  • үй бүлөөлүк саякат,
  • булут үстүндөгү майрам.

Сиздин кызматыңызда, дүйнөнүн бардык ашканасы, жөн гана тамактардын жана суусундуктардын тизмесин тандаңыз.  Жакшынакай дастаркон, чыныгы гүлдөр,  сиздин жакшы көргөн музыкаңыз болот. Сиз учуу учурунда өзүңүздү сонун,  ыңгайлуу сезе аласыз  жана жакшы эс аласыз.

Аэропортко чейин сизди кооз лимузин же бизнес-класстагы машине алып барат. Биздин кардарлар ” бардыгы даяр ” коштоо кызматын тандашат. Бардык уюштуруу ишин AVIAV TM (Cofrance SARL) өзүнө алат. Сиздин чемодандарды ким көтөрөт же аэропортто сизди ким тосуп алат деп ойлонбойсуз, жөн гана качан? кайда?  жана  сиз ким менен болушуңуз керек экендигиңизди кабарлап коюңуз, калганын бардыгын өзүбүз бүтүрөбүз.

Эмне үчүн VIP- кардарлар жеке авиацияны тандашат

  1. Жеке учактар, жөнөкөй авиакомпаниялардан көз карандысыз учушат. Аларды дайыма алдыга өткөрүшөт.
  2. Кардарлар билет сатып алууга убакытын коротушпайт жана учакты ижарага алуу бардык кардарлар үчүн 20 мүнөттөн көп эмес убакытты ээлейт.
  3. Аэропорттогу формалдуулуктар өтө аз:  карап чыгууга 5 мүнөт эле кетет.
  4. Кардарлар үчүн өзүнчө VIP- бөлмө каралган:  ыңгайлуу дивандар жана мыкты кофе.
  5. Учака чейин жеке автомобиль берилет.
  6. Таңгактоо жана багажды жайгаштыруу боюнча, (жөнүндө)  Кофранс САРЛдын учууну коштоп жүрүүчү, сылык адиси кам көрөт.
  7. Сиз бортко эмне кааласаңыз баарын алсаңыз болот: шампан, бриллиант, аба баллонун, жакшы көргөн пуделиңизди, өрүк дарагын – биздин кардарлар үчүн чектөө жок.
  8. Бортто сиз каалаган нерсенин баары бар: уктоочу бөлмө, жуунучу жай, чоң экран, интернет булагына туташкан жуунучу бөлмө, космоско чыгууга люк… Эң негизгиси – ыңгайлуу саякатка эмне талап кылынса , ошону баарын AVIAV TMдин менеджерине кабарлап коюңуз.
  9. Учууну бир гана стюардесса коштоп барбастан, о.э. бала баккыч, иш жардамчысы, гувернер, врач, гид, коуч дагы коштоп бара алат. Биз баардык керектүү адистер менен камсыз кылабыз.
  10. Кардардын каалоосу боюнча,  саякаттын башынан – аягына чейин жан сакчылар коштоп жүрө алат.
  11. Сизди аэропорттон тосуп алышат жана тез арада, сиз тандаган мейманканга же жеке үйгө алып барышат.
  12. Кардардын каалоосу боюнча, Cofrance SARL үйдү ижарага алууга же алдын ала мейманканадан бөлмө ээлеп коюга жардам берет. Барган жерден консьерж-сервис берилет, бош убакытты өткөрүү боюнча ж.б. иш чаралар уюштурулат.

Бардык рейсте документтерди жол жоболоштуруу талап кылынат:

– визаларды,

– медициналык камсыздоолорду,

– балдар үчүн паспортторду,

– баажы декларацияларын,

– жаныбарлар үчүн маалымдама,

–  баалуулугу жөнүндө сертификаттарды,

–  рейс үчүн уруксаат ж.б. көп нерселерди.

AVIAV TMдин (Cofrance SARL) юристери бардык оорчулуктарды өзүнө алат, кардарлар кагаз маселелеринде эч кыйынчылыктарды тартпайт.

Бюджеттик рейстер

Кардарлар көп учурларда,  жеке учактарды учуп баруу үчүн гана ижарага алышат. Алар аба кемесин – бир жерден, экинчи жерге жүрүү каражаты деп эсептешет. AVIAV TM компаниясы жеке учактардын бюджеттик варианттарын берүүгө даяр жана аны менен катар Empty Legs системасы менен кошо.

Кереги жок кошумча кызматтарды алып салуу,  салонду жөнөкөй жабдалышы менен тандоо жана учуп жүрүү учурунда бир нече саат эс алып алууга да болот. Мындай вариант кыска рейстерге ылайыктуу. Мисалы,  кызматчыларды командировкага жөнөтүүгө же каражатты туура  үнөмдөйм деген адамдарга.

Учуунун коопсуздугу

Ар адамды биринчи кезекте учактын коопсуздугу тынчсыздандырат. AVIAV TM (Cofrance SARL), Wyvern Ltd. эл аралык мекемесинин мүчөсү болуп эсептелет, бул мекеме  учуунун коопсуздугун камсыздоо боюнча, беш жылдан бери дүйнөлүк лидер болуп кала бермекчи. Андан сырткары, биз алты жылдан бери ARGUS Internationalдан көп тепкичтүү аудиториялык текшерүүлөрдөн өтүп турабыз. Бул биздин кардарлардын  ишеними күчөшүнө жана  бизге кайра – кайра кайрылуусуна түркү берет.

Avinode –  эл аралык чартердик кызматы,  биздин дагы бир кызматташыбыз. Ал учуулардын юридикалык нормаларын кылдат текшерип турат.  EBAA (European Business Aviation Association) жана NBAA (National Business Aviation Association) эл аралык учуу ассоциацияларына мүчө болуу, компаниянын кадыр-баркын көтөрөт жана дүйнө рыногунда башка лидерлер менен бир катада турууга мүмкүнчүлүк берет.

Ар учак учаар алдында кылдат текшерүүдөн өтөт. Учактардын ээлери,  учактар идеалдуу абалда болуусуна кам көрүшөт. Учакты башкаруучу топ, жыл сайын текшерүүдөн өтүп турат. 12 жыл ичинде, биздин учактардын арасынан бирөөсү дагы аргасыздан конууга  дуушар болгон жок.

AVIAV TM (Cofrance SARL) сан менен

  • 2007- жылдан бери иштеп келе жатабыз.
  • 117 өлкөдө өкүлчүлүгүбүз бар.
  • 34 тилде сүйлөйбүз.
  • Жүз элүү миң учак бар.
  • Дүйнөнүн 6 бөлүгүндө иштейбиз.
  • 2017- жылы бизнес-рейстердин лидери.
  • 24 саат байланыштабыз.
  • Дүйнөнүн 719 аэропорту менен кызматташабыз.

Дагы сурооңуз болсо, азыр сурасаңыз болот.

Жеке учак керек болуп жатабы?  Тез арада таап беребиз!